КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик Билим берүү стандарты
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403
токтому менен бекитилген.
Мамлекеттик билим берүү стандарттарына шайкеш келген атайын автордук
программа иштелип чыгылып бүгүнкү күндө окуучуларга анын негизинде сабактар
берилүүдө. Окуучуларга кошумча билим берүүдө мамлекеттик билим берүү
стандартынын талабына өзгөчө көңүл бурулат.
Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик Билим берүү стандарты
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403
токтому менен бекитилген.
Мамлекеттик билим берүү стандарттарына шайкеш келген атайын автордук
программа иштелип чыгылып бүгүнкү күндө окуучуларга анын негизинде сабактар
берилүүдө. Окуучуларга кошумча билим берүүдө мамлекеттик билим берүү
стандартынын талабына өзгөчө көңүл бурулат.
- Кыргыз Республикасында күндүзгү сырттан окутуу уюму жөнүндө типтүү жобо
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин 2021-жылдын
6-сентябрындагы №1510/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында балдарга
мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобо.
- “Инсандын руханий-адеп-ахлактык онүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”
жарлыгы (2021-жыл 29-январь №1)
- 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасында өнүктурүүнун улуттук программасын ишке
ашыруу боюнча КРМК иш-чаралар планы (КРМК 2021-ж № 352 токтому)
- 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын кыргыз жараны деп өзүн таануусун
өнүктүрүүнүн Концепциясы (КРП 2020-ж 13-ноябрь № 39 Жарлыгы)
- 2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүүнү өнүктүрүү программасы
(КРП 2021-ж 4-май № 200 жарлыгы)
Мугалимдин статусу жөнүндө
1-статья. Мугалимдин статусу
Мугалим - зарыл кесиптик билимге жана тиешелүү квалификацияга ээ, мектепке
чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү, атайын
билим берүү уюмдарында, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү
уюмдарында иштеген, окутуу, илимий, усулдук, тарбиялык, уюштуруучулук жана
жетекчилик иштерди аткаруучу адам.
Педагогдук иштин шарттары жана мүнөзү мугалимдин статусунун мазмунун
аныктайт, ал мугалимдин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин, ошондой эле
аларды ишке ашыруунун кепилдиктерин камтыйт.
2-берене. Билим берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Билим берүү жаатындагы мамилелер
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз
Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасы
катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл
аралык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жалпы
таанылган принциптери жана нормалары менен жөнгө салынат.
5-берене. Мамлекеттик билим берүү стандарттары
Кыргыз Республикасында билим берүүнүн бардык деңгээлдерине төмөнкүдөй
мамлекеттик билим берүү стандарттары белгиленет: мектепке чейинки билим
берүү, жалпы башталгыч, жалпы негизги, жалпы орто билим берүү, башталгыч
кесиптик билим берүү жана орто кесиптик билим берүү, жогорку кесиптик билим
берүү.
Мамлекеттик билим берүү стандарттары билим берүүнүн принциптерин,
түзүмүн, билим алуучулардын окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмүн,
бүтүрүүчүлөрдү окутуунун ар түрдүү деңгээлинде даярдоонун деңгээлине жана
алар тарабынан алынуучу компетенттүүлүккө карата талаптарды аныктайт.
Мамлекеттик стандарт билим алуучуларга берилген билимдин сапатын
баалоону өткөрүү үчүн негиз болуп саналат.
Мамлекеттик билим берүү стандарттары менчигинин формасына жана
ведомстволук таандыктуулугуна карабастан, бар.
10-берене. Билим берүү уюмунун уставы
Билим берүү мекемесинин уставы анын уюштуруучусу (уюштуруучулары)
тарабынан бекитилет, ал эми билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын
Жарандык кодексине жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды
(өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамында белгиленген тартипте катталат.
Билим берүү уюмунун уставында төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
- аталышы, жайгашкан жери (юридикалык дареги) жана уюмдаштыруучу
(уюмдаштыруучулар);
- ишинин предмети жана максаты;
- билим берүү жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси, кызмат
көрсөтүүлөрдүн тартиби;
- билим берүү уюмуна кабыл алуунун тартиби;
- окуу процессин, анын ичинен окутуунун жана тарбиялоонун тилин (тилдерди),
окуп жаткандарга сабак берүү режимин, окуучулардын кийиминин формасын
уюштуруу;
- билим берүү уюмунун кызматкерлеринин штатын түзүүнүн тартиби, эмгекке
акы төлөөнүн шарты жана тартиби, алардын укуктары жана милдеттери;
Билим берүү стандарты - негизги билим берүү программаларынын
мазмунунун билим берүү минимумун, бүтүрүүчүлөрдү даярдоо сапатына коюлуучу
базалык талаптардын, окуп жаткандарга жетимдүү окуу жүктөмүнүн чегин
аныктоочу ченемдер менен эрежелердин жыйындысы;
билим берүү стратегиясы (билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы) - бир
бүтүн социалдык институт катары билим берүү тутумунун негизги багыттарын
жана принциптерин аныктоо;
Компетенция - окуучуну (окуп жатканды) билим берүүгө карата даярдоодо,
белгилүү бир чөйрөдө анын натыйжалуу жемиштүү иши үчүн зарыл болгон алдын
ала коюлган социалдык талап (ченем);
Компетенттүүлүк - адамдын белгилүү бир кырдаалда (окуу, инсандык жана
кесиптик) илимдин ар кандай элементтерин жана жөндөмдөрүн өз алдынча
колдонуудагы интеграцияланган жөндөмдүүлүгү;
Билим берүү - инсанды, коомду жана мамлекетти гармониялуу өнүктүрүү
максатында окуп жаткандардын мамлекет тарабынан белгиленген билим берүү
деңгээлине жетишүүсүн тастыктоо менен коштолгон тарбиялоонун жана окутуунун
тынымсыз, тутумдуу процесси. Билим алуу деп окуп жаткандардын тиешелүү
документ менен тастыкталган белгилүү бир билим деңгээлине жетиши жана аны
ырасташы түшүнүлөт;
Билим берүү программасы - конкреттүү бир деңгээлдеги, багыттагы же
адистиктеги билим берүү мазмуну;
Билим берүү процесси - педагогдордун түздөн-түз катышуусу жана окуп
жаткандардын өз бетинче окуусу менен ар кандай түрдөгү сабак өтүү
формасында, ошондой эле окуп жаткандардан жана бүтүрүүчүлөрдөн экзамен,
зачет алуу, аттестациялоонун дагы башка түрлөрү аркылуу тарбиялоонун жана
окутуунун уюшулган процесси. Билим берүү процесси менен билим берүү
программалары ишке ашырылат;
Жалпы билим берүү мектеби - башталгыч, негизги орто жана орто жалпы
билим берүү окуу программаларын, ошондой эле окуп жаткандарга жана
тарбиялануучуларга кошумча билим берүүнүн окуу программаларын ишке
ашыруучу окуу жайы;
Oрто жалпы билим берүү - коомдо жигердүү социалдык көнүгүүгө жана өз
алдынча турмушту тандоого, эмгек ишмердүүлүгүнө, өз алдынча билим алууга
жана өзүн өзү жетилтүүгө жөндөмдүү, гармониялуу өнүккөн инсанды тарбиялоого
жана окутууга максаттуу багытталган үзгүлтүксүз процесс;
35-берене. Билим берүүнү башкаруудагы мамлекеттин компетенциясы
Билим берүү жаатындагы мамлекеттин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
- мамлекеттик билим берүү саясатын, билим берүүнү өнүктүрүүнүн
стратегиясын түзүү жана жүзөгө ашыруу, бул чөйрөдөгү артыкчылыктарды
аныктоо;
- билим берүү жаатындагы мамилелерди жалпы мамлекеттик деңгээлде
укуктук жактан жөнгө салуу;
- мамлекеттик бюджеттин билим берүүгө жумшалуучу чыгымдар жагын
ченемдик негизде түзүү, билим берүү тутумун каржылоонун тартибин аныктоо;
- билим берүү тутумун маалыматтар менен камсыз кылуу, окуу адабияттарын
жана окуу куралдарын бастырууну жана чыгарууну уюштуруу;
- окутуунун ченемдик мөөнөттөрүн билим берүүнүн деңгээлдери боюнча
аныктоо;
- билим берүү уюмдары үчүн кесиптердин жана адистиктердин тизмесин
аныктоо;
- билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын белгилөө;
- билим берүүнү өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана эл аралык программаларын
иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын
аткарылышын контролдоо;
- лицензиялоо, тестирлөө, аккредитациялоо институттары аркылуу билим
берүүнүн сапатына кепилдик берүү;
- камкорчулук жана билим берүү кыймылдарына колдоо көрсөтүү жана аларды
өнүктүрүү;
- мыйзам тарабынан ага берилген ыйгарым укуктардын чектеринде кадр
саясатын жүзөгө ашыруу.
Педагогдор төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте мамлекеттин эсебинен
өзүнүн кесиптик деңгээлин жана квалификациясын жогорулатууга.
- педагогдук этиканын ченемдерин сактоого;
- окуучулардын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынан
төмөн болбогон деңгээлде билим берүү программаларын өздөштүрүшүн камсыз
кылууга;
- окуп жаткандардын өз алдынчалуулугун, окууга чыгармачыл мамиле
жасоосун өнүктүрүүгө, жүрүм-турумунда жогорку адеп-ахлактык ченемдерди
калыптандырууга;
- өзүнүн кесиптик деңгээлин дайыма өркүндөтүүгө жана квалификациясын
кеминде 5 жылда бир жолу жогорулатууга;
- балдарга карата эмоциялык, психикалык, дене-бой зомбулугун колдонууга
жол бербөөгө.