САТЫ ТОКТОРОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИ

Көркөм өнөр мугалими Матишев Кубанычбек Маликович

Көркөм өнөр

     Көркөм өнөр — Көркөм чыгармачылык, дүйнө таанымдын көркөм образдар аркылуу элестүү чагылдырылуучу бир формасы; адамзаттын рухий маданияты менен чыгармачылык кызматынын маанилүү элементи, коомдук аң–сезимдин ар кыл өнүгүү баскычын көркөм бейне, көркөм чагылдыруу каражаттары аркылуу элестүү сыпаттоо, мүнөздөө жана чагылдыруу ыкмаларынын жыйындысы. Көркөм өнөргө сүрөт өнөрү, музыка, театр, көркөм адабият, кино, архитектура ж. б кирет.
     Көркөм өнөр коомдук-тарбиялык мааниге ээ болуп, адамдын акыл-эсине, ой-сезимине, кыялына таасир этет, коомдук турмушта жана социалдык күрөштө айрыкча чоң роль ойнойт. Искусство адамзат коому менен кошо өнүгүп, анын материалдык өсүшүн чагылдырат, коомдук аң-сезимди калыпка салууга көмөктөшөт, идеологиялык куралга айланат.
     Орто кылымда сүрөткер көрүнүш, кубулуштарды сырткы көрүнүш эле эмес, баарынан мурда алардын маани-маңызын ачып берүүгө тийиш болгон. Кайра жаралуу доорунда сүрөткерлер ички жана тышкы дүйнөнүн, факт менен ойдон чыгаруунун ортосундагы шайкештикке жетүүгө умтулушкан. 18–19-кылымдын чегинде айланасындагы эмпирикалык чындыкка көз каранды болбой, өзүнүн чындыгын жаратуучу эркин чыгармачыл сүрөткер концепциясы түзүлгөн. Бул концепцияны толук өздөштүрүшкөн романтизм өкүлдөрү эмпирикалык күнүмдүк чындыктан сырткары жогорку реалдуулукка жетүү мүмкүнчүлүгүн ачып жатабыз деп эсептешкен. Алардан кийинки 19–20-кылымдагы реализм менен натурализмди туу туткандар, тескерисинче, реалдуулукту фактыларга жетүү аркылуу, сезилген, көрүнгөн кубулуштар, окуялар аркылуу берүүгө умтулушкан.

Актуалдуулугу

     Жаңы окуу жылында окуучуларга Көркөм өнөр предмети аркылуу эстетикалык билим, тарбия берүүдө курчап турган дүйнөдөгү адамды таң калтырган көркөм сулуулукту кабыл алуу, түшүнүү, сезүү жана жаратуу жөндөмдүүлүктөрүн калыптандырып өнүктүрүү – учурдун талабы. Окуу процессинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жана «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыктары, мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын негизги талаптары жетекчиликке алынат. Илимдин жана техниканын заманбап чөйрөсүндө ар кандай сүрөттөлүштөр, чиймелер жана схемаларды пайдалануу көркөм сүрөт өнөрү аркылуу ишке ашырылат. Андай графикалык көндүмдөрдүн алгачкы кадамдары негизги жана предметтик компетентүүлүктөрдү калыптандырып, сабактарда окуучуларга терең, максаттуу билим алуулары үчүн талапты күчөтүү мезгилдин туура жана маанилүү жолу.
     Ушуга байланыштуу, 2025-2026-окуу жылында Көркөм өнөр сабагы боюнча предметке байланышкан атайын ийримдер, мектеп ичиндеги жана мектеп аралык, облустук жана республикалык деңгээлдеги окуучулардын сүрөт көргөзмөлөрүн уюштуруп, балдардын көркөм чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү багытында иш-аракеттерди жүргүзүп жатабыз.
     Алар:
— улуттук жана чет элдик көркөм сүрөт өнөрү боюнча теориялык билимдер аркылуу окуучулардын көркөм жан дүйнөсүн байытуу;
— мектептеги Көркөм өнөр сабагынын негизги түрлөрү (өзүнөн көрүп сүрөт тартуу, темага карата сүрөт тартуу, декоративдик сүрөт тартуу, сүрөт искусствосу боюнча аңгеме) боюнча чыгармачылык иштерди аткаруу;
— көркөм сүрөт өнөрүнүн негизги түрлөрү болуп эсептелген (графика, живопись, декоративдик-прикладдык искусство, айкелчилик, архитектура) теориялык жана практикалык билимдерди жогорку деңгээлде жеткире берүү;
— көркөм сүрөт өнөрүнүн негизги жанрлары (натюрморт, пейзаж, портрет, тарыхый, баталдык, плакат, анималисттик ж.б.) боюнча теориялык жана практикалык сабактарды мугалимдин өздүк окуу планына киргизүү менен толук ишке ашыруу;
— сүрөт искусствосуна байланыштуу адабияттарды, интернет булактарын, методикалык атайын колдонмолорду пайдаланып окутуунун жаңы ыкмаларын сабакта колдонуу.
Мектеп окуучуларынын көркөм чыгармачылыгын өнүктүрүүгө багыт берип, тарбиянын таасирин арттыруунун теориялык моделин, педагогикалык шарттарын жана практикалык сунуштарды иштеп чыгуу Көркөм өнөр предметин жетектеген мугалимдин милдети болуп эсептелет.
    Ченемдик документтер 2025-2026-окуу жылында Көркөм өнөр предмети, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына, Базистик окуу планына жана Кыргыз Республикасынын аймагында билим берүү тармагына тиешелүү болгон укуктук-ченемдик документтерге ылайык жүргүзүлөт.
    Предметтик стандарттарды, предметтик окуу программаларды жана электрондук окуу китептерин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (edu.gov.kg) жана Кыргыз билим берүү академиясынын (kao.kg) веб-сайттарынан карап, колдонсоңуздар болот.
    Көркөм өнөр предмети боюнча 1-7-класстардагы сааттардын жүктөмүн Базалык окуу планына (БОП) карап багыт алыңыздар.

Өзгөчөлүктөрү:


    Мектеп окуучуларына көркөм өнөр боюнча багыт берүүдө көркөм-эстетикалык тарбиянын таасирин арттыруунун теориялык моделин ишке ашыруу маанилүү болуп турат. Демек, ушуга байланыштуу Көркөм өнөр предметин окутуу процессинде сабак өтүүнүн негизги түрлөрүн, окуучулардын чыгармачылык иштеринде алардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алып, ар кандай аткаруу техникаларын колдонууну сунуштайбыз. Алар төмөнкүлөр:
а) Көркөм өнөр сабагын окутуу процессинде көркөм искусствонун негизги түрлөрү графика, живопись, декоративдик жана айкел техникаларын колдонуп сабак өтүүгө көмөк көрсөтүү;
б) мугалимдин сабак процессинде сүрөт искусствосунун жанрларын колдонуусуна, мезгилдин талабына жараша электрондук-техникалык каражаттарын колдонуу;
в) STEM жана STEAM билим берүү замандын талабы болгондуктан окуучулардын чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, сүйүктүү иш-аракетин аң-сезимдүү тандап алуусуна шарт түзүү;
г) мектептеги окуу класстарында окуучулардын чыгармачылык көргөзмөлөрүн уюштуруу, сабак учурунда жана сабактан тышкаркы учурларда ачык асман астында пленэрдик жумуштарды аткаруу.
    Мындай шартта окуучулардын Көркөм өнөр сабактарына болгон чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрү жогорулап кызыгуулары артат.
    Демек, Көркөм өнөр сабагында сүрөт искусствосунун негизги түрлөрүн жана жанрларын туура колдонуунун натыйжасында окуучулардын дүйнөлүк жана элдик өнөрлөргө таасирлениши, жаңы техникада көркөм иштерди аткаруусу менен чыгармачылык шыктануулары калыптанат. Дүйнөлүк жана улуттук көркөм искусство ишмерлери, алардын аткарган чыгармалары менен таанышып, көркөм искусство ишмерлерине болгон сый-урматтары жетилип, алардын чыгармаларына шыктанып, өздөрүнүн чыгармачылыкка болгон дилгирлиги ойгонот.
Күтүлүүчү натыйжаларды баалоо системасындагы жаңы моделдерди окуу практикасына киргизүү, негизги милдеттердин бири болуп саналат. Билим берүүдөгү жетишкендиктеринин маанилүү функциясы окуучуларды өз алдынча өзүн-өзү баалоо иш-аракеттерине тартуу болуп саналат.

Өзүн-өзү баалоо алгоритми:

Тапшырмада эмне кылуу керек эле? Максаты эмне, натыйжада эмнеге жетишиш керек эле? Жыйынтык алдыбы?
Тапшырма толугу менен аткарылдыбы же ката кетирдиби? (Катаны аныктоо.)
Толугу менен өз алдынча аткардыбы же жардам мененби?
Аткарууда кандай жөндөм иштелип чыкты?
Тапшырманын деңгээлин аныктаңыз:
Маселени чечүү үчүн «эски», мурунтан эле үйрөнгөн билим керек болсо – билүүгө милдеттүү болгон деңгээл; эгерде тапшырманы аткарууда тема боюнча жаңы билим талап кылынса — жогорку деңгээл; мындай тапшырманы аткара элекпиз, аны аткаруу үчүн жаңы билим керек — максималдуу деңгээл.
Тапшырма кайсы деңгээлде аткарылганын аныкта?
Тапшырманын аткарылышынын негизинде, өзүңдү өзүң баала.
Бул алгоритм боюнча окуучу класста өзүн өзү баалоону үйрөнөт. Мугалим баасын жөндөп коюуга укуктуу.
Өзүн-өзү баалоо алгоритмин колдонуу окуучунун аткарылган тапшырмалардын натыйжалуулугун жогорулатат.
Окуучулардын чыгармачылык иштерин баалоо боюнча сунуштар
Төмөнкү көрсөткүчтөрдүн максатка ылайыктуу негиздери:
1) окуучулардын көркөм – чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн (жеке жетишкендиктерин) өнүктүрүү;
2) тапшырманы аткаруунун стандарттуу эмес, идеянын оригиналдуулугун, көркөмдүүлүгүн, чеберчилигин билүү, практикалык ишке ашыруунун деңгээлин аныктоо;
3) окуучунун демилгелүү чыгармачылык көрүнүштөрү: анын суроолорунун, жоопторунун, ой-пикирлеринин оригиналдуулугу, кошумча материалды өз алдынча издөө ж.б.
Жетишкендикти баалоонун ар кандай формаларынын аркасында окуучулар көзөмөлдөп баалоочу бир катар сапаттарына ээ болушат. Мугалим жана ата-энелер ар бир окуучунун чыныгы жетишкендиктерин байкай алышат.

Көркөм сүрөт искусствосу

     Көркөм сүрөт искусствосу – көз менен көрүп, кабылдаган жана көзгө көрүнгөн дүйнөнү тегиздик менен мейкиндикте сүрөттөөгө байланыштуу көркөм искусство. Буга живопись, графика, скульпторлук кирет. Көп учурда көркөм сүрөт искусствого архитектура менен көркөм искусствонун бүт тармагын киргизишет, себеби алардын чыгармалары көзгө көрүнгөн зор мейкиндикке ээ.
     Көркөм сүрөт искусствосунда (живопись, скульптура, графика) образдар көз менен кабылдоого негизделген. Музыка добушту пайдалангандыктан, анын образдары белгилүү убакыт ичинде өнүгөт да, артыкчылыгы адамдын ой толгоосун музыкалык добуштар менен баяндап, зор эмоциялык күч менен таасир эткендигинде.

- Балдар кубаныч, энергиянын топтолушун, эркиндик жана бошоңдукту сезишет, көңүл буруусу жогорулайт.

- Дене тарбия кабыл алуусун күчөтөт жана курчутат, таасирленүүчү абалын пайда кылат.

- Ар түрдүү кыймыл - аракеттердин айкалышы айрыкча баалуу болуп саналат.

БИЗДИН САБАКТА ГИМНАСТИКАНЫН КАНДАЙ ТҮРҮ ҮЙРӨТҮЛӨТ?

     - БАШТАПКЫ ГИМНАСТИКА
     - ҮН МЕНЕН
     - ДЕМ АЛУУ АРКЫЛУУ
     - МАНЖАЛАР МЕНЕН
     - РИТМ МЕНЕН
     - ЭС АЛУУ МҮНӨТТӨРҮ
     - КОРРЕКЦИЯЛОО

Коррекциялоо гимнастикасы дегенибиз дененин туура калыптанышына жана түстөрдү тандоодо ой өрүшүнүн өрчүшүнө жардам берет. Ошондуктан, биз буга өзгөчө маани беребиз.

Сүрөт тартуу балдар үчүн алардын жашоосу.

     Сүрөттөлүш – биздин ишибиздин калыбы. “Ден соолук күндөрүн” балдар да, чоңдор абдан жакшы көрүшөт.
     Мындай иш-чараны бардык илимдеги балдар чыдамсыздык менен күтүшөт, анткени алар ачык асман алдында өткөрүлөт. Аянтчада музыка ойнойт, бүт жерге тагылган гүлдөр, желекчелер жана шарлар, жомоктогу каармандардын кооз кийимдери эч кимди кайдыгер калтырбайт.
     Мындан башка парктарга, токойлорго, музейлерге, тоолорго сейилдөө да жүргүзүлүп турат. Ден соолукту сактоо программасы бир эле физикалык жактан эле эмес, балдардын организмин чыңдоого, ой жүгүртүүсүн жакшыртууга да жардам берет.

Устаттын өнөрү шакирттин колу менен